Өлкөдөгү бардык мамлекеттик мекемелерге сапаттуу иш алып баруусу үчүн керектүү шарттардын баарын түзүп берүүгө бүгүнкү күндө мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жетет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев КР Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын «Күзөт жана коштоо Департаментине» жабдууларды жана атайын техникаларды тапшыруу аземинде билдирди. 

Ал берилип жаткан техникалар жана жабдуулар президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде болгонун белгиледи. 

"Улуу урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичтин биздин алдыбызга койгон тапшырмасынын негизинде техникалар силерге сатылып берилди. Каражат президенттин стабилдештирүү фондунан алынды. Мындан ары кайсы бир техника же жабдуу керек болсо же башка муктаждыктар жаралса, тезинен бизге кайрылууңуздарды жетекчиликке тапшырма катары айтып кетем", - деди Ташиев. 

Ошондой эле, УКМК төрагасы мамлекеттик кызматтарга бүт шарттарды түзүп берүүгө мамлекеттин бүгүнкү күндө мүмкүнчүлүгү жетээрин кошумчалады. Аны менен катар ал мамлекеттик кызматкерлерден сапаттуу ишти талап кылды. 

"Кызматыңыздарды так, акыйкаттуу, мыйзамдуу жана адамгерчилик менен аткаргыла. Тартип - бул биздин жашоонун негизги мыйзамы болууга тийиш. Сиздер абакта отурган соттолуучулардын мыйзамдуулугун, тартибин сактап жатасыздар. Сыртта, коомубузда болгон кылмыштуулукту жакшы билесиздер, кандай чоң кылмыш орун алган, мамлекетте тартип жок болуп, ыраатсыздык күчөп, кылмыштуу топтор мамлекетти курчаган, керек болсо мамлекеттин бийлигине чейин таасирин тийгизишкен. Азыр ал нерсе жок. Президентибиздин тапшырмасынын негизинде алардын тамыры кыркылды жана мындан ары болбойт", - деди Камчыбек Ташиев.