Кыргызстанда убагында кылмыштуу дүйнөнүн "атаманы" болуп, башкаларды кысымга алып жүргөндөр, бүгүнкү күндө кирпич ташып иштөөгө аргасыз. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы КамчыбекТашиев КР Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын «Күзөт жана коштоо Департаментине» жабдууларды жана атайын техникаларды тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.
Ал бир гана эркиндикте эмес, темир тордун артында дагы тартип болушу керектигин эскертти.
"Жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адамдардын арасында тартип болушу керек. Мурдагыдай "смотрящий", "вор", "положенец" ж.б. дегендер болбошу керек. Түрмөдөгү бардык соттолуучуларга бирдей шарт түзүп берүүгө тийишпиз. Ал жакта адамды өлтүрүүгө, кодулоого, ар намысын тебелөөгө жол бербешибиз керек!
Өзүңөр жакшы билесиңер, кечээ "положенец" болуп жүргөндөр бүгүн кирпич түшүрүп иштеп жатышат. Ушундай болушу керек! Мындан ары да ушундай болот!
Биз ущунун баарын баштаганыбызда, башында "бул убактылуу эле болот" деп айтышкан эле. Андай эмес! Эч качан убактылуу болбойт! Кылмышкерлер, алардын жакындары, алардын кылмыштуу саясатын колдогондор угуп коюшсун: мындан ары мамлекетте мыйзам, тартип жана адамгерчилик орун алат. Баш ийбегендер болсо мыйзам чегинде катуу жазалайбыз! Ал үчүн бизде толук укук бар" - деди Камчыбек Ташиев.