{{ item.title }}

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 34 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында КР Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын «Күзөт жана коштоо Департаментине» жабдууларды жана атайын техникаларды тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
          Иш-чарага КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК Төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев жана ЖАМК Төрагасы Ч.Э. Кожошев катышты.
          Генерал-полковник К.К.Ташиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан «Күзөт жана коштоо Департаментине» 81 млн сомдук заманбап жабдууларды жана атайын техникаларды тапшырды, тактап айтканда:
•    14 даана атайын техникалар
•    191 видеобайкоо камералары
•    9 квадрокоптерлер (дрондор)
•    450 боди камералар (видеорегистратор)
          УКМК Төрагасы К.К.Ташиев ЖАМК кызматкерлери үчүн материалдык-техникалык базаны чыңдоо боюнча тиешелүү шарттар мындан ары да түзүлөөрүн, анын ичинде аталган кызматтын баардык кызматкерлерин турак-жай менен камсыз кылуу зарылчылыгын белгиледи. К.К.Ташиев ЖАМК кызматкерлерине соттолгондорду социалдаштыруу боюнча активдүү иштерди улантууну тапшырып, ошондой эле кызматкерлердин арасында коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө керектигин эскертти.
          Жаңы жабдуулар жана атайын техникалар «Күзөт жана коштоо Департаментинин» ишин жакшыртып, кызматкерлердин коопсуздугун камсыздап, мекемелерде тартипти жана көзөмөлдү күчөтөт.

{{ item.title }}