2025-жылдын 14-августунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде соттук-эксперттик ишин өркүндөтүү маселелери боюнча эксперттик жумушчу топтун (ЭЖТ) кезектеги отуруму болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Отурумдун жүрүшүндө санариптик документ жүгүртүүгө милдеттүү түрдө өтүүнү жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн “Эксперт” автоматташтырылган маалыматтык системасы (АМС) аркылуу стандартташтырууну караган Ведомстволор аралык бирдиктүү регламенттин долбоору каралды.
Мындан тышкары, катышуучулар соттук эксперттердин Бирдиктүү окуу борборун түзүү маселесин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ош жана Бишкек шаарларында борборлоштурулган лабораторияларды уюштуруу боюнча сунуштарын талкуулашты. Жогорку окуу жайлары менен биргеликте соттук-медициналык экспертиза боюнча адистерди кабыл алууну пландаштырууга багытталган иш-чараларга, андан кийин аларды региондорго милдеттүү түрдө жумушка бөлүштүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Катышуучулардын өзгөчө көңүлү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2025-жылдын 8-августунда кол коюлган “Соттук эксперттик ишмердүүлүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген жаңылыктарга бурулду.
Негизги өзгөрүүлөрдүн арасында:
• Компетенттүүлүк сертификаты бар жеке жактар үчүн уюмдарга милдеттүү түрдө байланбастан, жеке практика мүмкүнчүлүгү;
• Соттук-эксперттик изилдөөнүн методикасы жана методу түшүнүктөрүн, ошондой эле колдонулган методдордун жарактуулугун баалоо– валидациялоо жол-жобосун киргизүү;
• Кыргыз Республикасынын Соттук эксперттер палатасын түзүү мамлекеттик эмес эксперттердин кесиптик бирикмеси;
• Жеке соттук эксперттердин ыйгарым укуктарын кеңейтүү, анын ичинде баңгизат, психотроптук жана жардыргыч заттар менен байланышкан изилдөөлөрдү кошпогондо, экспертизанын бардык түрлөрүн жүргүзүү укугу;
• Мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдарды аккредиттөө.
Көрүлгөн чаралар эксперттердин кесиптик коомчулугун чыңдоого, корутундулардын калыстыгын жогорулатууга жана соттук-эксперттик ишмердүүлүк чөйрөсүнө заманбап иш стандарттарын киргизүүгө багытталган.
Маалымат үчүн: Иш-чара Президенттин 2021-жылдын 31-мартындагы № 83 Жарлыгын жана Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 249 буйругун аткаруунун алкагында өткөрүлдү.