https://1mektep.edu.gov.kg/ru - балдарды мектепке электрондук каттоо системасы көрсөткөндөй, 18-августка карата 1- жана 2- класстарга 201 089 бала кабыл алынды. 

Белгилей кетсек, 15-августта негизги кабыл алуу жабылды, а 18-августтан тартып кеч каттоо башталды. 

15-августка карата өлкө боюнча 1- жана 2-класстарга 200 397 бала катталды. 

Система көрсөткөндөй, бүгүн ушул учурда өлкө боюнча 100 001 орун бош, анын ичинен 1-класска 53 765 орун, 2-класска 46 236 орун. Анын 71 108и кыргыз класстарда, 22 554ү орус класстарда. 

Ал эми Бишкекте 2 103 орун бош турат, анын ичинен 1-класска 1 178 орун бош болсо, 2-класс үчүн 924 орун балдарды күтүүдө. Кыргыз класстар үчүн бош орун көбүрөөк - 1 341, орус класс - 758. 

18-августтан башталган кеч каттоо 30-сентябрга чейин жүргүзүлөт. Бул убакыт аралыгында ата-энелер бош орундар бар мектепке балдарын каттай алышат.