Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу коомчулукта сын пикирлер айтылып келет. Анын бири - батир наркынын 50 пайызын төлөгөн үлүшчүлөр дароо батирге ээ болушат, мындан улам баштапкы төлөмү жок алчулардын кезеги жылбай жатат.
Бул боюнча МИКтин Чүй облустук регионалдык өкүлчүлүгүнүн башчысы Мырзагүл Сардарбекова жооп берди:
- Эл 50 пайызын азыр берсең эле, азыр батир аласың деп ойлойт окшойт. Үлүшчү болууну каалагандар дагы өзүндө, жубайында, балдарында катталган мүлк жокпу, акыркы 3 жылда сатып алуу-сатуу боюнча юридикалык келишим түзгөн эмеспи - баары текшерилет. Биздин талаптарга туура келсе гана 50 пайызын төлөйт, кайсы объектиден алууну тандайт. Анан ошол объект качан бүтөт – бир же эки жылдан кийинби – күтөт. Болгону биз 50 пайыз төлөнгөндөн кийин ал батир брондолгон болот дагы, сатыктан алып коебуз.
Негизи, мигрант болобу же расмий кирешесин далилдей албаган жаран болобу – ал Кыргызстандын жараны. Алардын да турак жайга болгон муктаждыгы чечилиши керек.