Кыргызстанда 2025-жылдын 15-октябрынан 2027-жылдын 31-декабрына чейин жеке автомектептерге лицензия берүүгө мораторий киргизүү сунушталууда. Транспорттук каражаттарды каттоо боюнча Мамлекеттик агенттик тийиштүү токтом долбоорун коомдук талкууга койду.
Буга себеп - акыркы жылдары жеке автомектептердин саны кескин өскөнү жана бүгүнкү күндө 340 окуу уюму каттоодон өткөнү.
2025-жылдын башынан бери аталган агенттик айдоочуларды даярдаган жана кайра даярдаган 49 окуу жайын текшерген. Жыйынтыгында, 20 окуу жайына КР Эрежелерди бузуу кодексинин 284-беренесинин 2-бөлүмү боюнча 20 окуу жайына протокол түзүлгөн. 8 окуу жайдын лицензиясы токтотулган.
2024-жылдын 28-июнунан 2025-жылдын 2-июлуна чейин 106 автомектеп лицензия боюнча өтүнүчүнө терс жооп алган, анткени, алар талаптарга жооп бербеген. Көпчүлүк мектептер арызды даярдыксыз эле беришет жана мындан улам бир нече ирет катары менен терс жооп алышат, а жооп берүү үчүн агенттиктин кызматкерлери өлкө боюнча бир нече жолу сапарга чыгышкан. Бир убакта көп арыз түшкөндүктөн, бул пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүнү кыйындатат.
Бүгүнкү күндө 265 окуу жайлары пландуу текшерүүнүн бир этабынан да өтө алышкан жок.
Пландуу жана плансыз текшерүүлөр айдоочуларды даярдоонун сапатсыздыгы жол кырсыктарын көбөйтүп жатканын, лицензиялык талаптар толук сакталбаганын: окуу-материалдык базанын жетишсиздигин, автоунаалардын, компьютерлердин, квалификациялуу адистердин жана инструкторлордун жетишсиздигин аныктады. Ал турмак айрым автомектептер айдоочулук күбөлүктү окутпай туруп эле беришери да белгилүү болгон.
Ошондуктан агенттик лицензия берүүгө мораторий киргизүүнү сунуштайт жана бул төмөнкүлөрдү ишке ашырууга жардам берет:
- иштеп жаткан окуу жайларын инвентаризациялоо;
- лицензирлөө жана кадрларды квалификациялоого карата жаңы, бир топ катаал талаптарды иштеп чыгуу;
- автомектептердин ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү.