Сонунбү Кадырова өмүрүнүн көп бөлүгүн тележурналистикага арнап, «Замандаш», «Абаз», «Ыр кесе» сыяктуу программаларды ишке ашырган. 1997-жылдан бери УТРКда редактор болуп эмгектенген. Ал «УТРКнын мыктысы» жана «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгилери менен сыйланган.
Сонунбү Кадырова «Сонун дүйнө», «Сүйүнчү», «Бар болуңуз» аттуу китептердин автору. Маданият министрлиги анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. Коштошуу бүгүн саат 14:00дө өтөт.
Булак: koom.press