Күн мурун Кыргызстан менен Казакстандын транспорт министрлери Абсаттар Сыргабаев менен Нурлан Сауранбаев «Ак-Жол» көзөмөл өткөрүү пунктунда жолугуп, кызматташууну талкуулашты.

Ведомстводон билдиришкендей, Абсаттар Сыргабаев Нурлан Сауранбаевди министр кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сыргабаев “Кеген” көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу эл аралык маанидеги Каракол – Алматы жана Чолпон-Ата – Алматы автобустук каттамдарын ачууну, кыргыз жүк ташуучулары үчүн уруксат кагаздарынын кошумча көлөмдө алмашуу ошондой эле көзөмөл өткөрүү пункту модернизациялоо маселелери көтөрүлүп, эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүнү макулдашты.

Булак: 7 канал