Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Маалыматтык саясат башкармалыгынын жетектөөчү адиси Атай Осмонбаев билдиргендей, август айында президент Садыр Жапаров тарабынан кол коюлган "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө"мыйзам 11 күндөн кийин күчүнө кирет. 

Ал мыйзамдын 5-беренесинде бир катар тыюу салуулар жазылганын жана аларды бузган жалпыга маалымдоо каражаттарына (ЖМК) ишмердүүлүгүн токтотууга чейин жаза чегерилерин белгиледи. 

"Ал кандай тыюу салуулар?.. КР бийлигин күч менен басып алууга чакырыктарды жасоо, расалык, диний, аймактык бөлүп-жаруу, улуттук ар намысты коозутуу, терроризмди, зомбулук экстремизмди колдоо максатында кайсы бир маалыматты таратуу, зомбулукту, мыкаачылыкты, баңгичиликти жайылтуу", - деди ал. 

Ошондуктан ал ЖМКны контенттин ар түрдүүлүгүн эске алып, маалымат жайылтууда, эфирге чыгарууда этият болууга чакырды.