Ленин РИИБинин имаратында 25 жаштагы жаран каза болду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын бөлүмдөрүнүн биринде 9-август күнү 25 жаштагы адам каза болду.

Маалыматты райондук милициянын басма сөз кызматы ырастап, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн бардык зарыл экспертизалар, анын ичинде соттук-медициналык экспертиза дайындалганын билдирди.

Топтолгон материалдар юридикалык баа берүү үчүн Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Каза болгон адам ким экени, ал кайсы кылмыш ишине шек саналып жатканы тууралуу маалымат берилген жок.

Кыргызстанда буга чейин да укук коргоо органдарынын имараттарында, жабык жайларда ушундай окуялар катталган.

Булак: Азаттык