Ирактан Кыргызстанга 40тан ашык аял кайтарылышы керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналына билдирди.
Ал белгилегендей, эл өкүлү бул аялдардын жакындары менен жолуккан.
«Аларды да Кыргызстанга кайтарып келүү керек. Анткени алар биздин жарандар, Конституция бизди камкордукка алууга милдеттендирет. Бул жолу президент алардын жакындарынан баш тартпай, алардын кайтып келишине көмөк көрсөтөт деп ишенем. 40тан ашуун аялдын абалы начар, жардамга муктаж», — деп жазган депутат.
Ал кошумчалагандай, кыргыз аялдарына жардам сурап президентке кат даярдап жатат.
Эске салсак, 2021-жылдан бери кыргыз өкмөтү Сирия жана Ирактагы кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча кампанияларды жүргүзүп келет. Буга чейин акыркы жылдары 500дөн ашуун жаран кайтарылганы, алардын көбү жашы жете элек балдар экени маалымдалган.
Булак: 24.kg