Самыкбаева Лира Аманбаевна агартуу министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 31-июлда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Самыкбаева 2023-жылдан бери билим берүү жана илим министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары кызматын аркалап келген. Аны кызматка дайындоону агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева сунуштган.

12-майда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги эки ведомствого – Агартуу министрлиги менен Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине бөлүндү.

Булак: АКИpress