Ош облусунун аймагында бүгүн, 8-августта саат 09:58де очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.
Жер титирөөнүн очогу Өзбекстандан 45 чакырым түндүк-батыш тарапта жайгашып, силкинүү Ош, Кызыл-Кыя, Ноокат жана Кара-Суу шаарларында 3 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар же зыян тарткандар тууралуу маалыматтар түшө элек. Өзгөчө кырдаалдар кызматтары кырдаалды көзөмөлдөп жатышат.
Булак: koom.press