№6 Үй-бүлөлүк медицина борборунун инфекционист-дарыгери Айчолпон Аширова гепатиттин жугуу жолдорун жана биринчи белгилерин айтып берди.
Ал белгилегендей, жугуу жолдору:
• Ийне аркылуу – бул көбүнчө баңгизатка көз каранды адамдар арасында кездешет.
• Стерилденбеген аспаптар менен медициналык кийлигишүү болгон учурда.
• Ар кандай сулуулук процедуралары: перманенттик макияж, маникюр, педикюр. (Эгерде шаймандар санитардык нормага ылайык тазалоодон өткөрүлбөсө).
• Кош бойлуу энеден балага. (Бирок мында гепатитти алып жүрүүчү эне алдын ала дарыгерди кабардар кылып, кош бойлуулукка даярданса, балага ооруну жуктурбоо чаралары көрүлөт жана ал жакшы натыйжа берет).
Вирус жуккандан тартып клиникалык белгилери байкалганга чейин инкубациялык мезгил:
• В түрү – 50 күндөн 180 күнгө чейин.
• С түрү – кээ бир учурда 1 жылдан 2 жылга чейин.
Клиникалык белгилери:
• Көп чарчоо.
• Табиттин жоголушу.
• Оң жак кабырганын алды ооруйт.
• Көңүлдүн айланышы, кусуу.
• Заранын жана заңдын түсүнүн өзгөрүшү: зара күңүрт боло баштайт, а заң агарат.
• Көздүн агынын саргайышы (андан соң дене саргаят).
Дарыгер өзүнөн ушундай белгилерди байкаган жарандарды тез арада медициналык текшерүүгө кайрылууга чакырат.