Кыргызстан жугуштуу гепатит ооруларынын тарашы боюнча жогорку эндемикалык өлкөлөрдүн катарына кирет. Бирок Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун директору Үмүт Чокморованын айтымында, акыркы жылдары гепатитке акысыз эмдөө жүргүзүлүп, аны менен коллективди чыңдоо аракети көрүлүүдө.
“Гепатит оорулары бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзүндө актуалдуу. Анткени, аны жуктуруп алгандар жылдан жылга көбөйүүдө. 2022-жылдан тартып эки оорунун жугуу жолдорунун жана дарылоо жолдорунун окшоштугун эске алып, гепатитти СПИД борборуна кошуп беришкен. Россия Федерациясынын жардамы менен ошол жылдын соңунан тартып өлкөдөгү 23 жаштан ашкан бардык жарандарга гепатитке каршы акысыз эмдөө жүргүзүлүүдө”, - деди Чокморова.
Айтымында, БУУнун сунушу менен Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму алдына чоң максат койгон – 2030-жылга чейин гепатит жана ВИЧ ооруларынын жайылышын токтотуу.
Үмүт Чокморова белгилегендей, гепатитке эмдөө үч этап менен жүргүзүлөт: алгачкы, бир айдан кийин жана жарым жылдан кийин.
Учурда Кыргызстанда 177 миң киши гепатиттин В жана Д түрүнө каршы эмдөөдөн өттү.
“Бул 177 миң киши бул эки вирусту жуктура албайт дегенди билдирет. Биз 3 жылдын ичинде 1 миллион 200 миңге жакын анализ алдык. Жыйынтыгында, гепатиттин В түрүнүн 32 300, С түрүнүн 17 892, Д түрүнүн 429 учурун аныктадык. Булар эми келип текшерилгендер, ал эми текшерилбей жүргөндөр канча экенин айта албайбыз. Ал эми С түрүнө кабылган 4200гө жакын жаранды айыктырдык”, - деди борбордун директору.