КР УКМК билим берүү чөйрөсүндөгү коррупциялык жана башка мыйзамсыз аракеттерди аныктоо жана алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жогорку жана адистештирилген окуу жайлардын талаптарына көңүл бурбоо жана катышуу эрежелерин бузуу фактыларын аныктады.
Белгилей кетсек, атайын кызмат билим берүү чөйрөсүндөгү коррупциялык жана башка мыйзамсыз иштерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Баткен мамлекеттик университетинен (БатМУ) жана анын тиешелүү түзүмдөрүнөн 2170 студент окуудан чыгарылды, деп билдирет УКМК.
Маалыматка караганда, алар:
• Баткен мамлекеттик университенинин башкы мекемеси – 570;
• Кызыл-Кыя «М.М.Тайиров» атындагы гуманитардык-педагогикалык институту – 801;
• Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институту – 380;
• «А.А.Машрабов» атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институту – 171;
• БатМУнун алдындагы көп тармактуу колледж – 234;
• БатМУнун алдындагы педагогика жана коммуникация колледжи – 14.