КР УКМК жергиликтүү тургундардын деструктивдүү диний агымдардан баш тартуусуна багытталган иштерди жүргүзүп жатканын билдирди.
Маалыматка караганда, 2025-жылдын 1-августунда Арстанбап айылынын борбордук мечитинде жума намаздан кийин мурда соттолгон «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» ДЭУнун жактоочулары: «Б.А.А.» (1962-ж.т.), «М.С.Т.» (1960-ж.т.), «Т.М.И.» (1970-ж.т.), «Т.М.И.» (1970-ж.т.), «Т.Х.И.» (1972-ж.т.), «Я.А.Т.» (1968-ж.т.), «А.Л.М.» (1969-ж.т.), «К.М.Р.» (1975-ж.т.), «М.Ш.М.» (1970-ж.т.), «Т.И.Т.» (1967-ж.т.), «Т.С.И.» (1974-ж.т.) жана «Х.Я.Э.» (1980-ж.т.) – өздөрү тандап алган диний агымдардын туура эместигин моюндап, деструктивдүү идеяларынан баш тартышты.
Алар жарандарды «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» жана башка диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырышты.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган адамдар мурда өздөрүн Кыргыз Республикасында тыюу салынган «Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами» ДЭУнун мүчөлөрү катары тааныштырып, жергиликтүү тургундардын арасынан жаңы тарапташтарды тартууну көздөп, экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында Арстанбап айылында жума сайын жашыруун түрдө диний сабактарды (дарстарды) өткөрүп келишкен.
"Ушул жылдын январь айында жүргүзүлгөн атайын иш-чаранын натыйжасында аталган жарандар кармалып, 2025-жылдын апрель айында аларга карата соттук айыптоо өкүмү чыгып, айып пул салынган.
КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний уюмдардын жана алардын тарапташтарынын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер уланууда", - деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.