Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 4 миңден ашуун текшерүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында 11 900 мыйзам бузуу аныкталган. Мыйзам бузууларды аныктоонун негизинде мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн сумма 14 млрд 857 млн сомду түздү жана бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37 пайызга көп. 

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Азат Оскомбаев билдирди. 

Айтымында, мыйзам бузуулардын ичинде кызматтык кылмыштар да орун алган. 

“Башкы прокуратура тарабынан 2024-жылы кызматтык жана коррупциялык кылмыш иштери боюнча 452 кылмыш иши козголуп, мамлекетке келтирилген зыян 4 миллиард 237 миллион сомго бааланды. Анын 312 миллион сомдон ашууну мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү”, - деди Оскомбаев. 

Ал белгилегендей, ал эми 2025-жылдын биринчи жарымында бул багыттагы кылмыштын белгилери менен жалпы 278 иш козголгон жана келтирилген зыян 710 миллион сомду түзгөн. Тергөө учурунда анын 64 миллион сому мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн.