Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Азат Оскомбаев мыйзамда пара алуу да, пара берүү да кылмыш болуп саналаарын эскертти. Бул тууралуу ал "Биринчи радионун" түз эфиринде айтты. 

“Кылмыш жаза кодексинде пара берүү-алуу боюнча “Пара алуу”, “Опузалап пара талап кылуу”, “Пара берүү”, “Пара алууда ортомчулук кылуу” ж.б. бир нече беренелер бар. 

Мыйзамга ылайык, пара алгандар 5 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ошол эле маалда пара берген тарап да жоопкерчиликтен кутулбайт. Аларга 2 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. 

Эгер адам пара бергенин убагында өз эрки менен айтып чыкса, анда жоопкерчиликтен бошотулушу мүмкүн”, - деди ал. 
Азат Оскомбаев коомчулукту пара берүү жана алуу боюнча мыйзам бузууларга күбө болгон чакта, дароо укук коргоо органына кайрылууга чакырды. 

“Укук коргоо органдары мыйзамды сактоо, коррупцияны алдын алуу, паракорчулукка бөгөт коюу боюнча ар кандай окууларды уюштуруп келет. Бирок тажрыйба көрсөткөндөй, мындай чаралар дайыма эле толук жыйынтыгын бере бербейт. Ошондуктан эл менен ачык иштөө зарыл: коркпой билдирүү жасап турсаңыздар, биз да чара көрөбүз. Биздин максат – мыйзамды камсыз кылуу жана жарандардын ишенимин бекемдөө”.