Эмгек, социалдык камсыздоо, миграция министри Равшанбек Сабиров аталган министрликтин ушул жылдын 6 айындагы иш аракетинин жыйынтыгын чыгарган коллегияда аялдар темасына көңүл бурду.
Ал “мамлекетибиздин эң чоң байлыгы – анын жарандары” экенин белгилеп, анын ичинде “гендердик саясатта аялзатына өзгөчө көңүл бурууну күчөтүүнү” талап кылды.
“Президентибиздин саясатына ылайык, үй-бүлө институтун бекемдөөгө, өзгөчө аялдар менен балдарды коргоого жана зордук-зомбулуктун алдын алууга көңүл буруу зарыл. Бул багытта эл аралык ийгиликтүү тажрыйбаларды колдонуу менен иштерди мындан ары да күчөтүүнү талап кылам”, - деп эскертти Сабиров.
Ошондой эле, министр демографиялык багыт күчөтүлөрүн, 2050-жылга чейин калктын санын 10 миллионго жеткирүү башкы максат экенин билдирди.