Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов жетектеген делегация Румынияга болгон расмий сапарынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы Румыниянын Жарандык авиация башкармалыгынын башчысы Николае Стойка менен жолукту. Эки тарап Кыргызстан менен Румыния ортосунда аба каттамдарын уюштуруу боюнча өкмөттөр аралык келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн жана Бишкек – Бухарест түз аба каттамын ачуу перспективасын талкуулады.

Мындан тышкары, Румыниянын Транспорт министрлигинин өкүлдөрү менен да жарандык авиация тармагындагы кызматташуунун багыттары, жөнгө салуу, инфраструктура жана адистерди даярдоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.

Булак: koom.press