Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу процессин жөнөкөйлөштүрүп онлайн-форматка өткөрүүнү тапшырды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Демилге ашыкча бюрократияны жоюу, жарандардын убактысын үнөмдөө максатын билдирген.

Бардык процесстер » Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн-форматта жүргүзүлүшү зарыл дейт- Касымалиев.
2025-жылдын алты айында 85 816 күбөлүк берилип, анын 47 253 учуру алмаштырууга туура келген.

Булак: 7 канал