Эртең, 2-августта, Бишкектеги борбордук “Ала-Тоо” аянтында “Айкөл Манас” эстелигинин расмий ачылыш аземи өтөт.
Белгилүү болгондой, иш-чара саат 18:00гө пландалууда. Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министри Мирбек Мамбеталиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана башка расмий жана коомдук ишмерлер катышары күтүлүүдө.
Эстеликтин автору Тамила Маматова буга чейин Чыңгыз Айтматовго жана режиссёр Геннадий Базаровго арналган айкелдерди жараткан. Анын жалпы 15 мамлекетте тургузулган эмгектери бар.
Булак: koom.press