Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 1-августтан 4-августка чейин туруксуз аба ырайы жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу 31-июлда ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, суу ташкыны коркунучу бар.
Министрлик жарандарды коопсуздук чараларын сактоого чакырып, төмөнкү эскертүүлөрдү берди:
- Арыктарды өз убагында тазалап туруңуз;
- Жээктерди бекемдеп, таштанды ыргытпоо маанилүү;
- Турак жай жайгашкан аймакта жаан суулары агып өтө турган жолдорду камсыздаңыз.
ӨКМ аймактык кызматтар менен тыгыз иш алып барууда жана кырдаалга көз салып турат. Жарандардан кырсыктын алдын алуу боюнча көрсөтмөлөрдү так сактоо талап кылынат.
Булак: koom.press