Нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүрүп, таңга маал Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолу жабылганын ӨКМ билдирди.

"Суу болжол менен жолдун 154-чакырымында орнотулган бетон шакекчелерди жууп кеткен. Учурда жол жабык. Жерине техникалар тартылууда", — деп айтышты министрликтен.

Андан сырткары, сел Кажы-Сай айылында турак үйлөрдү да каптаган.

Эске салсак, кечээ Кыргыз гидрометеорология жамгыр жаап, андан улам сел кооптуулугу бар экендигин эскерткен.

Булак: Спутник