Түндө Ысык-Көлдүн Тамчы жана Кош-Көл айылдарын суу каптады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2025

Түндө Ысык-Көлдүн Тамчы жана Кош-Көл айылдарын суу каптады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Көлдүн түндүгүндө жүргөн сел Тамчы айылынын ички жолдорундагы эки көпүрөнү алып кетип, эки үйдүн короосун каптаган. Мындан тышкары, Кош-Көл айылында көл жээгине тигилген 30 боз үй, беш конок үй жана соода күркөлөрүн сел каптаган.

Азыр тазалоо иштери жүрүүдө.

Ошондой эле нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүрүп, таңга маал Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолу жабылган.

Булак: Спутник