“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому жакында эле жаңы ийгиликти багынтты. Компаниянын Инспекциялык жана аналитикалык лабораториясы эл аралык аккредитациядан ийгиликтүү өттү. Бул деген Кумтөрдүн лабораториялык изилдөөлөрүнүн жана анализдеринин жогорку сапаты, ишенимдүүлүгү эл аралык деңгээлде таанылат дегенди билдирет.
Тиешелүү тастыктоочу аттестатттар Кыргыз аккредитациялоо борбору тарабынан тапшырылды. Кумтөрдүн лабораториясы эл аралык эки стандарт боюнча аккредитацияланган. Алар: ISO/IEC 17025 - лабораториялардын компетенттүүлүгүн тастыктаган стандарт жана ISO/IEC 17020 - көзөмөлдөөчү органдардын компетенттүүлүгүн тастыктаган стандарт.
Кумтөр ишканасынын Инспекциялык жана аналитикалык лабораториясынын башчысы Сүймөнкул Исматиллаевдин айтымында, бул окуя компания үчүн чоң жетишкендик болуп эсептелет.
“Кумтөрдөгү баардык лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары эми эл аралык деңгээлдеги мааниге жана тастыктоого ээ. Буга чейин аккредитациябыз жок болгондугуна байланыштуу кошумча тышкы текшерүүлөргө абдан көп анализдерди жиберчүбүз. Албетте бекер эмес, ар биринин өзүнүн баасы бар болчу. Ушул багыттан алганда бир топ каражатты үнөмдөп, экономикалык дагы артыкчылыкка ээ болдук”, – дейт Сүймөнкул Исматиллаев.
Ошондой эле алынган аккредитациянын аркасында Кумтөр ишканасына өзүнүн объектилериндеги курулуш иштерине байланышкан баардык лабораториялык анализдер боюнча да корутунду чыгарууга укук берилди. Бул өз кезегинде иштин натыйжалуулугун арттырып, жумуштун ыкчам, сапаттуу аткарылышына шарт түздү.
Кумтөрдүн лабораториясынын эл аралык аккредитациядан өтүшү - бул компаниянын техникалык компетенттүүлүгүн, сапатка болгон умтулуусун жана эл аралык деңгээлдеги атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулаткан маанилүү жетишкендик. Анткени дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндөгү ири тоо-кен компанияларында лабораториялык изилдөөлөр үчүн аккредитациядан өтүү - милдеттүү талап болуп саналат.
Булак: koom.press