КР УКМК мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоонун жүрүшүндө 1999-жылы Ош шаарынын аймагындагы Нурматов көчөсү 83 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 1,5 гектар «Ошавтотранс» Оңдоо-курулуш башкармалыгы АКнын мүлктүк комплекси, «Асай» ЖЧКсынын жеке менчигине мыйзамсыз өтүп кеткендигин аныктады.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында «Асай» ЖЧКсынын уюштуруучулары бул мүлк комплексин мамлекеттик баланска өз ыктыяры менен кайтарып берүүгө макул болушкан.
КР УКМК жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жер тилкелерин аныктоо иштерин улантууда.