Бүгүн, 2025-жылдын 29-июлунда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев Нарын облусунун Ат-Башы айылынын тургуну Нурлан Ногойбаевди кабыл алды. Ногойбаев Англиядагы Кембридж университенин Технология саясаты боюнча магистратурага тапшырып, окууга кабыл алынган. Кембридж университети дүйнө жүзүндөгү эң кадыр-барктуу жогорку окуу жайларынын бири болуп, ал жакта контракттык төлөмдүн баасы жогору болуп саналат.
Н.Ногойбаев «Эл үмүтү» Президенттик стипендиясына ээ болуп, каржылык колдоо алган. Деген менен акча каражаты толук түрдө контракттык төлөмгө жетпегендиктен, калган суммага көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен КР УКМК Төрагасы К.К.Ташиевге кайрылган. Генерал-полковник өтүнүч катты дароо кабыл алып, Ногойбаевге керектүү акча каражатын тапшырды.
УКМК Төрагасы билимдүү жаштар өлкөнүн эртеңки келечеги экендигин баса белгилеп, Нурлан Ногойбаевдин окуусуна ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, Н.Ногойбаев буга чейин Франциянын Париж шаарындагы жогорку окуу жайларынын биринен Жасалма интеллект боюнча магистратурасын аяктаган. Акыркы эки жарым жылдан бери Париж шаарында авиация тармагында инженер болуп иштеп келет.