{{ item.title }}

КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мүлк комплекстерин аныктоо жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында жалпы пайдалуу аянты 837,6 чарчы метр, жанаша аймагы 0,45 га болгон Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы Абай атындагы гуманитардык-экономикалык колледжинин үч кабаттуу имараты мамлекеттин балансына кайтарылды.
       Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө №10 Макаренко атындагы мектеп-лицейинин жатаканасынын имараты жана ага жакын жер тилкеси Жайыл районунун башчысынын токтомунун негизинде С.Мамбеткалиев атындагы Чүй университетинин менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп берилгени аныкталган. 2018-жылы жогоруда аталган токтомдун негизинде аталган жер тилкесине мамлекеттик жеке менчик актысы берилген.
       2021-жылы бул участок кыймылсыз мүлктү коммерциялык эмес уюмга акысыз өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин негизинде Абай атындагы гуманитардык-экономикалык колледждин менчигине мыйзамсыз берилген.
       Учурда КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чаралар улантылууда.