
Өзгөн шаарынын тургуну Акматжан кызы Азодахан үч уулдуу болду. Бул тууралуу 24-июлда шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аларга Мухаммад, Абубакир жана Умар аттуу ысымдар берилген. Бул кубанычтуу жаңылыкка байланыштуу шаар мэриясынын өкүлдөрү эне-баланы зыярат кылып, расмий куттуктоосун билдирти.
Үй-бүлөгө акчалай сыйлык тапшырылып, бекем ден соолук, тынчтык жана бакубат жашоо каалашты.
Булак: koom.press