Бүгүн, 25-июлда саат 03:40 чамасында Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 4 баллга жеткен. Жер силкинүүнүн очогу Кара-Булак айылынан түштүк-батышты карай 3 чакырым, Масы айылынан түндүк-батышты карай 6 чакырым, Кочкор-Ата шаарынан түштүк-чыгышты карай 11 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жер титирөө Масы жана Кара-Булак айылдарында 4 балл, Кочкор-Ата жана Гелеген айылдарында 3,5 балл, ал эми Майлуу-Суу шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Булак: koom.press