Түндүк — Түштүк альтернативдик жолунда таш кулап, каттам убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Түшкөн таштар жолдун 280-281-чакырымын тосуп калган. Ал жерге жеткирилген техника трассаны тазалап жатканын айтышты.

"Жол убактылуу жабылгандыгына байланыштуу айдоочуларга башка альтернативдүү жол багыттарын тандап алуу сунушталат", — деп жазылган маалыматта.

Булак: Спутник