Кыргызстанда 13 333 аз камсыз болгон үй-бүлө 150 миң сом өлчөмүндө социалдык келишим алууга мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, жарандар туруктуу киреше табуу максатында коштоо жана окутуу программаларынан өтө алышат. 1-июлга карата республика боюнча 1 286 социалдык келишим түзүлүп, үй-бүлөлөр киреше долбоорлорун ишке ашырууга киришти.
Социалдык келишим жеке ишкердикти баштоого, көмөкчү чарба ачууга жана керектүү шаймандарды сатып алууга колдоо көрсөтөт.
Мындан тышкары, 2024-жылдан баштап катышуучуларга пайызсыз насыя берүү башталып, бүгүнкү күндө 149 жаран мындай колдоого ээ болду.
Булак: koom.press