Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы тоо-лыжа базасы катары белгилүү "Ала-Тоо Резорт" аймагындагы жер тилкелер сатылды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги билдирди.

Аукциондор 15-июлдан 18-июлга чейин жүрүп, жалпысы 14 лот коюлуп, 21 537 чарчы метр жер 472,5 миллион сомго сатылган.

Выставленные на аукцион земельные участки Ала-Тоо Резорт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2025

Жер тилкелери даяр долбоор менен кошо сатылып, учурда жолдорду жана канат жолун куруу иштери башталган.

Бул аймакта 3, 4 жана 5 жылдыздуу мейманканалар, VIP-коттедждер, этнотаунхаустар, ресторан, кафе жана башка коммерциялык объектилер курулушу керек. Жеңүүчүлөр үчүн негизги талап — объект эки жылдын ичинде пайдаланууга берилиши шарт.

Мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, жакында дагы кошумча 35 лот аукционго коюлушу мүмкүн.

Булак: Спутник