Бүгүн, 16-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарындагы Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу аймакта жайгашкан жаңы сейил бактын сапатсыз курулушу боюнча жеринен текшерүү жүргүздү.

Сапатсыз жана мамлекеттик каражаттын максатсыз пайдаланылышына байланыштуу Ташиев президенттин “мамлекеттик акчанын туура эмес сарпталышына жол бергендер катуу жазага тартылат” деген эскертүүсүн эске салып, тиешелүү адамдарды камакка алууну буйруду.

"Айыл өкмөтүнөн баштап, жумуш аткаруучулар, техникалык көзөмөл кызматкерлери – баарын камакка алгыла. Тергөө жүргүзүлүп, жоопко тартылышсын", — деди ал.

Бул окуя боюнча УКМК тергөө амалдарын баштаганы кабарланды.

Булак: koom.press