{{ item.title }}

"Кыргызстан аэропорттору" ААК авиациялык инфраструктураны модернизациялоо боюнча программанын алкагында заманбап 9 өрт өчүрүүчү унаа сатып алды.

Компаниядан билдиришкендей, анын ичинде Mercedes-Benz үлгүсүндөгү - 3, ал эми КамАЗ үлгүсүндөгү 6 заманбап аэродромдук өрт өчүрүүчү автоунаа сатып алынды.

Техникалар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

  • "Манас" эл аралык аэропортуна - 3 техника;
  • "Кыргызстан аэропорттору" ААКтын Ош филиалына - 4;
  • "Каракол" жана "Ысык-Көл" эл аралык аэропортторуна - 1ден.

Жаңы автоунаалар аэропорттордогу өзгөчө кырдаалдарда чара көрүү боюнча эл аралык стандарттарга толук жооп берет.

Белгиленгендей, бул Кыргызстандын аэропортторунун коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча стратегиянын дагы бир кадамы.

Булак: Кабар