Бүгүн, 2025-жылдын 10-июлунда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы К.К.Ташиев Астанада болуп өткөн бокс боюнча Дүйнө кубогунда 3-орунду ээлеп, коло медалдын ээси болгон Кыргызстандык спортчу Нурадин Рустамбек уулун кабыл алды.
Генерал-полковник спортчунун жеңиши менен куттуктап, ага автоунаа белек кылды. Ошондой эле, төрага Рустамбек уулуна дагы-да болсо күчтөнүп, дүйнөгө аты чыккан, өлкө желегин желбиреткен боксчу болуусун каалады. К.Ташиев спортчулардын ийгилиги үчүн мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо боло тургандыгын баса белгиледи.
Өз кезегинде спортчу Нурадин Рустамбек уулу К.Ташиевге көрсөткөн колдоосу жана белеги үчүн ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, Кыргызстандык спортчу Н.Рустамбек уулу Дүйнө кубогунда 75 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, 1/4 финалда англиялык спортчуну жеңген. 5-июлда Рустамбек уулу финалга чыгуу үчүн болгариялык спортчу менен беттешкен. Үч раунддун жыйынтыгында калыстардын чечими менен болгариялык спортчу жеңүүчү деп табылган.
Натыйжада Рустамбек уулу 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болгон.