КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди, анын ичинде өндүрүштүк жана социалдык объектилерди аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жана сотко чейинки өндүрүштүк иштердин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча Чүй облусунун Аламүдүн районунун Жал айылында жайгашкан «Строитель» (аянты 12,5га) жана «В.Дубинина» (аянты 7,5га) балдардын эс алуу лагерлери, ошондой эле Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы курорттук-ден соолукту чыңдоо комплекси (аянты 1га) мамлекеттик баланска кайтарылды.
Аталган социалдык объектилер 1997-жылдан 2001-жылга чейинки мезгилде акционердик коомдордун жана мамлекеттик органдардын өз алдынча чечимдеринин негизинде мыйзамсыз менчиктештирилип, андан кийин балдардын ден соолукту чыңдоо борборлорунун ишмердүүлүгү жокко чыгарылып, мүлктөрү сатылып кеткен.
Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында, 2025-жылдын 7-июль күнү жогоруда аталган балдардын эс алуу лагерлери жана курорттук-ден соолукту чыңдоо комплекси социалдык багыттарда максаттуу пайдалануу үчүн мамлекеттин балансына кайтарылды.
Учурда КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чараларды улантууда.
- Категория: Коом
- Просмотров: 155