Кыргызстанда акыркы суткада 39 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • Чүй облусунда – 16;
  • Ош облусунда – 6;
  • Жалал-Абад облусунда – 8;
  • Бишкек шаарында – 3;
  • Ош шаарында – 1;
  • Ысык-Көл облусунда – 1;
  • Баткен облусунда – 3;
  • Нарын облусунда – 1.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 41 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 7 чыгуу болгон.