Ысык-Көлдө "Ала-Тоо Резорт" курортунун курулуш иштери башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Эс алуу жайы Ак-Суу районунда жайгашкан. Азыр ал жакта узундугу төрт чакырым болгон асма жол салынып жатат.

Комлекстин 3D эскизи даяр. 3, 4 жана 5 жылдыздуу мейманканалардын долбоорлору иштелип чыккан. Курорт жылына 2 миллион конок күтө алары кошумчаланды.