Сүлүктүдөгү мурунку сүт азыктарын кайра иштетүүчү завод мамлекетке кайтарылды.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Сүлүктү шаарындагы жалпы аянты 0,93 га болгон мурунку сүт азыктарын кайра иштетүүчү заводдун азыркы ээси өз ыктыяры менен заводдун аймагын Сүлүктү шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берди.

Белгиленгендей, завод 2000-жылы мыйзамсыз менчиктештирилген.