{{ item.title }}

Бүгүн, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК Төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев 29 жаштагы 6 баланын энеси Айжан Болотбековага эки бөлмөлүү батирдин ачкычын  тапшырды. 
          А.Болотбекова жалгыз бой эне, анын эки баласынын жана өзүнүн да майыптыгы бар. Колунда 5 айлык ымыркайы менен мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, балдарын багууга шарты жок. Туруктуу жашаган үйү жоктугунан улам, батирлеп жүрүп, ижара акысын төлөөдө да кыйынчылыктар болуп келген. Андыктан, 6 балалуу эне  жардам сурап шаардык мэрияга кайрылган. Бирок, ал жактан эч кандай жооп болгон эмес. 
          Мындан улам жалгыз бой эне УКМК Төрагасына көмөк сурап кайрылган. Жыйынтыгында А.Болотбековага генерал-полковник К.К.Ташиев шаардан эки бөлмөлүү батирдин ачкычын белек кылды.   
          Генерал-полковник А.Болотбековага жана анын үй-бүлөсүнө ден соолук каалап, балдардын келечеги жаркын болсун деген жакшы тилегин айтты. 
            Өз кезегинде А.Болотбекова генерал-полковник К.К.Ташиевге көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

{{ item.title }}{{ item.title }}