Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жыл сайын 2-августту Куруучулар күнү — кесиптик майрам катары белгилөө чечимине келди. Мындай чечим өлкөдөгү биринчи мамлекеттик курулуш агенттигинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата кабыл алынган.

Майрам курулуш тармагынын кызматкерлеринин Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымын белгилөөгө арналган.

Жаңы токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.