Журналист Канышай Мамыркулова абактан бошотулду. Мындай чечимди бүгүн, 3-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту кабыл алды. Бул тууралуу koom.press маалымат агенттиги жазып чыкты.
Анда журналист төрт жыл пробация менен сот залынан бошотулду. Буга чейин прокурор ага эки берененин негизинде жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен 8 жыл 6 ай эркинен ажыратууну суранган.
Пробациялык көзөмөлдүн алкагында журналистке социалдык тармактарга билдирүүлөрдү жарыялоого жана саат 22:00дөн 6:00гө чейин үйдөн чыгууга тыюу салынды.
Эске салсак, журналист Канышай Мамыркулова быйыл 20-мартта кармалган. Ал Жазык кодексинин "Массалык башаламандыкка чакырыктар" жана "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча айыпталууда.