КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген Мамлекеттик мүлк объектилерин аныктоо жана кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан «Ак-Тилек» мамлекеттик ишканасынын жалпы аянты 8 га жакын жер тилкеси менен курулушу бүтпөгөн дарылоо-ден соолукту чыңдоо мекемесинин имаратын жеке менчикке чыгаруу фактысын аныктады
          Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө, 1998-жылы «Кыргызтемир» ААКнын жооптуу адамдары алдын ала макулдашуу менен, жеке кызыкчылыктарын көздөп, материалдык пайда табуу максатында аталган объектини жеке менчикке өткөрүп берүү боюнча коррупциялык схеманы уюштурушкандыгы тастыкталган.
          Тактап айтканда, темир жол тармагынын кызматкерлери үчүн дарылоо-ден соолукту чыңдоо мекемесин куруу жана өркүндөтүү боюнча жасалма долбоордун негизинде, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду менен мыйзамсыз алып-сатуу келишими түзүлүп, бүтпөй калган имарат жана ага тиешлүү болгон жер тилкелери мамлекеттин менчигинен чыгарылган.
          Кийинчерээк 2,3 га аянтка «Колумб» пансионаты курулуп, жерлердин калган бөлүгү жеке менчикке сатылып кеткен.
          КР УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында, «Колумб» пансионатынын менчик ээси, аталган пансионат жайгашкан жерлерге иш жүзүндө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын таанып, аны ыктыярдуу жана акысыз негизде 2,3 га аянтты түзгөн жанаша аймагы менен бирге КР министрлер кабинетине караштуу «Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттигинин» балансына өткөрүп берди.
          Учурда КР УКМК тарабынан жалпы аянты 5 гектардан ашык аймактын калган бөлүгүн кайтарып алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.