Бишкекте оор жүк ташуучу унаа 8 жаштагы кызды сүзүп кетти КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкектин Ак-Ордо конушунда КамАЗ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 8 жаштагы кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу шаардык милициядан бүгүн, 1-июлда билдирди.

Окуя 28-июнда болжол менен саат 20:20да Ак-Ордо конушунда болгондо. Анда 1984-жылы туулган жаран КамАЗ оор жүк ташуучу унаасы менен жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан велосипедчен кызды сүзүп кеткен. Анан кесепетинен 2017-жылы туулган кыз окуя болгон жерде каза болгон. 

Бул факт Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан катталып, тергөө иштери башталган. Шектүү айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.

Булак: koom.press