"Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясы Алматыдан Тамчыга жаңы каттам ачты. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК билдирди.

Авиакомпания "Компас Казакстан" туроператору менен өнөктөштүктө Алматыдан "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна (Тамчы) жаңы багыт боюнча алгачкы каттамын аткарды.

Каттам жайкы сезон мезгилинде жумасына эки жолу дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат.

Билеттин баасы 6 000 сомдон башталат.

Жаңы каттам — Казакстандан келген коноктор үчүн Кыргызстандын жаратылышынын кооздугу менен таанышууга, тоонун таза абасынан дем алып, дүйнөдөгү эң чоң жана бийик тоолуу көлдөрдүн бири - кереметүү Ысык-Көлдү көрүүгө, андан ырахат алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.