Мамлекеттик ипотекалык компания Ош шаарынын аймагында жалпы 73 блоктон турган көп кабаттуу турак жайларды курууда.

Мэриядан билдиришкендей, анда жалпы 5500гө жакын батирлер бар.

Алсак, 12 кабаттуу "Асман резиденс № 1" турак жай комплекси Курманжан датка жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 2 гектарга жакын жерге 8 блоктон турган 543 батир салынууда.

Ал эми “Асман резиденс №2” турак жай комплекси Мамырова көчөсүндө жайгашып, 12 кабаттан турат. Жер аянты 11 гектар, анда 56 блоктон турган 4032 батир бүтүүдө.

Дагы бир курулуш Алиев көчөсүндөгү “Асман резиденс №3” турак жай комплекси. Курулуш 9 блоктон турган 864 батирлүү үйлөр жалпы 1 гектар 30 сотых жерге курулууда.